Биздин миссия  

Кыргызстандын өзгөчө биз жашаган Бишкек шаарынын   артыкчылыктарын жана муктаждыктарын эске алуу менен; Биотехнология жана биоартүрдүүлүк боюнча изилдөөлөрдү жана колдонмоолорду жүргүзүү, аткаруулусуна колдоо көрсөтүү, мамлекеттик, жеке сектордун,  мекеме жана уюмдардын изилдөөлөрүн, биринчи кезекте Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тиешелүү бөлүмдөрүнүн изилдөөчүлөрүн болгон инфраструктурадан пайдалануусун камсыз кылуу. Биргеликте жасалган аракетибиз менен университетибиздин атын эл аралык аренада, өзгөчө бүткүл дүйнөгө жарыялоо миссиясы катары кабыл алынгын.   

 

Биздин көз карашыбыз 

Биздин көз карашыбыз Биотехнология жана биоартүрдүүлүк боюнча улуттук жана эл аралык изилдөө, колдонуу, окутуу жана AR-GE кызматтарын көрсөтүү, бул тармакта сапат стандарттары менен изилдөө жана колдонуу борбору катары иштөө, Кыргызстанда гана эмес, күн санап өсүү, убакыттын өтүшү менен Борбордук Азияда эң чоң борборлордун бири болуу.

 

 Максаттарыбыз 

Шаардын, аймактын жана өлкөнүн артыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу, жогорку кошумча нарк менен туруктуу изилдөөлөрдү жүргүзүү жана кызматтарды көрсөтүү, тармактар аралык илимий-технологиялык долбоорлорду өндүрүү үчүн мамлекеттик жана жеке сектордун мекемелери жана уюмдары менен кызматташуу, учурдагы кызматташтык, изилдөө лабораторияларын жөнгө салуу жана аккредитациялоонун сапат стандарттарына ылайык, эл аралык деңгээлде болуу сапатын жогорулатуу аркылуу эл аралык мамилелерди жана таанууну жогорулатуу.