КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН БИОТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА БИО АРТҮРДҮҮЛҮКТҮ ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ

 

Максаты

1-берене.

Бул нускаманын максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биотехнология жана био ар түрдүүлүктү изилдөө борборунун максаттары, ишмердик чөйрөлөрү, башкаруу органдары, башкаруу органдарынын милдеттери жана иштөө тартиби боюнча жолжоболорду жөнгө салуу.

 

Мазмуну

2-берене.

Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биотехнология жана био ар түрдүүлүктү изилдөө борборунун максаттарына, ишмердик чөйрөлөрүнө, башкаруу органдарына, башкаруу органдарынын милдеттерине жана иштөө тартибине байланыштуу жолжоболорду камтыйт.

 

Укуктук негиздеме

3-берене.

Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын 5-беренесинин 2пунктуна ылайык даярдалды.

 

Аныктамалар жана кыскартуулар

4-берене.

 Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

Борбор : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биотехнология жана био ар түрдүүлүктү изилдөө борбору;

Ректорат : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты;

Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети.

 

Борбордун максаты

 5-берене.

  1. a) Кыргызстанда, Орто Азияда жана коңшу өлкөлөрдө табигый био ар түрдүүлүктүн негизги компоненттери болгон жандуу организмдерди өз ичине камтыган флора жана фаунаны изилдөө; эл аралык келишимдерге ылайык жандуу организмдерди, алардын жашаган жерлерин жана генофондун сактоо; аларды көргөзмөгө алып чыгуу үчүн гербарий, музей, дендрарий түзүү; биологиялык жана генетикалык ар түрдүүлүктү биохимиялык жана биотехнологиялык жактан мүнөздөгөн маалымат базаларын түзүү; географиялык маалымат системасын түзүү менен экотуризмге салым кошуу; биоэнергия жана биокүйүүчү отун технологиясы боюнча инфратүзүм түзүү жана бул тармакта алдыңкы борбор болуу;
  2. b) Кыргызстанда, Орто Азияда жана коңшу өлкөлөрдө ДНКнын, РНКнын молекулалары жана белоктор менен манипуляция жасоо аркылуу селекцияны жакшыртууда молекулярдык биология жана биотехнология ыкмаларын колдонуу менен экономикалык наркы жогору болгон генотиптерди сактоо; өсүмдүктөргө, жаныбарларга жана адамдарга карата колдонулуучу биотехнология жана гендик инженерия ыкмаларына таянган молекулярдык-биологиялык талдоо ыкмасынын жардамы менен өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан дары-дармек каражаттарын алуу; оорулардын генетикалык картасын, жаныбарларды көзөмөлдөө жана биокоопсуздук системасын, системалык биологияны түзүү; ткандык инженерия менен жасалма органдарды жасоо; гендик-инженердик дарылоо жана гендерди өткөрүү ыкмаларын түзүү; өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын трансгендик түрлөрүн жаратуу; генетикалык жактан модификацияланган организмдер боюнча коркунучтарды анализдөө жана молекулярдык-биологиялык талдоо менен аларды классификациялоо, жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде өсүмдүктөр менен жаныбарлардын генетикалык материалдарына молекулярдык мүнөздөмө берүү, жаныбарлардын саламаттыгына байланыштуу социалдык-экономикалык изилдөөлөрдү жана биохимиялык анализдерди жүргүзүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;
  3. c) Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын системасын, молекулярдык маркерлерди/картаны түзүү, трансформациянын технологиялары, ткандык культура жана цитогенетика, функционалдык геномика, фитофармацевтикалык препараттар жана протеомика, молекулярдык-клеткалык биология, өсүмдүк биотехнологиясы, биоэнергетика, рекомбинанттык ДНК технологиясы, биоинформатика, стресс жана ага молекулярдык жооп кайтаруу механизмдери, молекулярдык-биологиялык талдоо ж.б. тармактар боюнча университеттин окутуучулары тарабынан жүргүзүлө турган изилдөөлөргө колдоо көрсөтүү; технологиялык өнүгүүлөр жана аларды ишке ашыруу жаатында анализдерди жана иш-чараларды жүргүзүү; стратегияларды иштеп чыгуу жана маселелерди чечүүнүн жолдорун сунуштоо; жергиликтүү, органикалык жана соодалык продукциялардын технологиялык жактан өндүрүлүшүнө салым кошуу жана буга байланыштуу басылмаларды басып чыгаруу; d) Тамак-аш коопсуздугу, эмгек гигиенасы, айлана-чөйрөнүн гигиенасы сыяктуу ар кандай тармактарда биотехнологияга байланыштуу илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирге баа берүү менен экологиялык баа берүү иш-чараларын жүргүзүү, альтернативалуу энергия булактарын жана экологиялык жактан таза өндүрүш процесстерин иштеп чыгуу;
  4. e) Био ар түрдүүлүк жана биотехнология тармагында аймактык, жергиликтүү жана эл аралык мекемелер менен кызматташуу, окуу-тарбия жана изилдөө иштерин жүргүзө турган кишилердин жана мекемелердин иш-чараларына колдоо көрсөтүү жана консультативдик кызматтарды көрсөтүү.

 

Борбордун ишкердик чөйрөлөрү

6-берене.

Борбор ушул нускаманын 5-беренесинде белгиленген максаттарды ишке ашыруу үчүн төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт:

  1. a) Кыргызстан, Борбордук Азия жана коңшу өлкөлөрдүн университеттери менен биргелешип илимий-изилдөө иштерин жүргүзө турган окутуучуларды жана студенттерди билим алууга шыктандыруу, илимий аң-сезим жана анын методдору боюнча окутуу иштерин жүргүзүү жана илимий долбоорлор боюнча конкурс өткөрүү; b) Дисциплиналар аралык жергиликтүү жана эл эралык илимий изилдөө долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашырууда координаторлук кылуу жана көмөк көрсөтүү;
  2. c) Заманбап шарттарга ылайык илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү, аларды жайылтуу жана долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн зарыл чараларды көрүү;
  3. d) Изилдөөчүлөрдүн өнүгүшүнө багытталган жергиликтүү жана эл аралык окуу программаларын, курстарды, семинарларды, конференцияларды, конгресстерди уюштуруу, зарыл учурларда тийиштүү сертификаттарды берүү жана бул иш-чараларга байланыштуу басылмаларды басып чыгаруу;
  4. e) Био ар түрдүүлүк жана биотехнология тармагында илимий изилдөө иштерин жүргүзө турган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тийиштүү факультеттеринин кызматкерлерине изилдөө мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү;
  5. f) Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен башка жергиликтүү жана эл аралык мекемелер менен кызматташуу, долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, долбоорлорго илимий жана технологиялык жактан колдоо көрсөтүү;
  6. g) Борбордун ишмердигинде биологиялык коопсуздук жана биоэтика боюнча эрежелерди сактоо.
  7. h) Борбордун максатына ылайык борбордун башкаруу кеңеши тарабынан кабыл алынган башка иш-чараларды жүргүзүү.

 

Борбордун башкаруу органдары:

7-берене.

Борбордун башкаруу органдары төмөнкүлөр:

  1. a) Борбордун жетекчиси
  2. b) Борбордун башкаруу кеңеши

 

Борбордун жетекчиси

8-берене.

  1. a) Борбордун жетекчиси ректорат тарабынан борбордун максатына ылайык кандайдыр бир илим тармагында толук айлык акы менен эмгектенген университеттин профессордукокутуучулук курамынын мүчөлөрүнүн ичинен 3 жылдык мөөнөткө дайындалат. Борбордун жетекчиси окшош жол-жобо менен кайрадан дайындалышы мүмкүн.
  2. b) Ректорат борбордун жетекчисинин сунушу боюнча университеттин профессорокутуучуларынын ичинен эң көп эки окутуучуну борбордун жетекчисинин орун басары катары дайындайт. Борбордун жетекчисинин кызмат мөөнөтү аяктаганда анын орун басарларынын да кызмат мөөнөтү аяктайт. Борбордун жетекчиси кызмат ордунда болбогон учурда анын милдетин орун басарларынын бирөөсү аткарат. Бул кызматтык милдетти аткаруу мөөнөтү алты айдан ашкан учурда борбордун жаңы жетекчиси дайындалат.

 

Борбордун жетекчисинин милдеттери:

9-берене. Борбордун жетекчисинин милдеттери төмөндөгүдөй:

  1. a) Борборго өкүлчүлүк кылуу жана борбордун башкаруу кеңешин жетектөө;
  2. b) Борбордун башкаруу кеңешинин чечимдерин жүзөгө ашыруу;
  3. c) Жылдык бюджет боюнча сунуштарды даярдоо, аны борбордун башкаруу кеңешинин кароосуна берүү;
  4. d) Борбордун иш-чаралары тууралуу ар бир окуу жылынын аягында жана талап кылынган учурда борбордогу иштердин жалпы абалы жана иш-чаралары жөнүндө ректоратка отчет берүү;
  5. e) Борбордун иштерине байланыштуу башка милдеттерди аткаруу;
  6. f) Бул нускамага ж.б. тийиштүү укуктук ченемдик документтердин жоболоруна ылайык борборду башкаруу;
  7. g) Илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерге байланыштуу чыгымдарды финансылык иштер боюнча жооптуу кишинин макулдугу алынгандан кийин университеттин бюджетинен каржылоо.

 

Борбордун башкаруу кеңеши

 10-берене.

  1. a) Борбордун башкаруу кеңеши борбордун жетекчисинин жетекчилиги астында борбордун жетекчисинин орун басарлары менен борбордун жетекчисинин сунушу боюнча тийиштүү тармактарда иштеген профессордук-окутуучулук курамдын мүчөлөрүнүн ичинен 2 (эки) мүчө ректорат тарабынан дайындалып, 5 (беш) кишиден турат. Кандайдыр бир себептен улам кызматынан бошонгон мүчөнүн ордуна ошол эле жол-жобо менен жаңы мүчө дайындалат.
  2. b) Борбордун башкаруу кеңеши академиялык орган болуп, борбордун окуу-тарбия, илимий изилдөө, консультативдик кызмат көрсөтүү жана басылмаларды басып чыгаруу иштерине байланыштуу жол-жоболорду аныктайт. Борбордун башкаруу кеңеши борбордун жетекчисинин чакыруусу менен жыйынга чогулат. Жыйында башкаруу кеңешинин мүчөлөрү “макул” же “каршы” деген добушун беришет. Добуштар тең болуп калган учурда жетекчинин добушу эки добуш болуп эсептелет.

 

Борбордун башкаруу кеңешинин милдеттери

11-берене.

Борбордун башкаруу кеңешинин милдеттери төмөндөгүдөй:

  1. a) Борбордун иш-чаралары боюнча план жана программаларды даярдоо, алардын жүзөгө ашырылышын көзөмөлдөө;
  2. b) Бюджеттин долбоорун кабыл алып, ректоратка сунуштоо;
  3. c) Окуу-тарбия, илимий-изилдөө, консультативдик кызматтарды көрсөтүү жана басылмаларды басып чыгаруу иштери боюнча чечимдерди кабыл алуу;
  4. d) Зарыл учурларда борбордун иш-чаралары боюнча убактылуу жумушчу топторун түзүү жана алардын милдеттерин аныктоо;
  5. e) Борбордун жетекчисинин сунушу боюнча борбордун административдик, техникалык жана башка кызматкерлерге болгон муктаждыгын аныктап, тийиштүү чечим чыгаруу жана ректораттын кароосуна берүү;
  6. f) Жергиликтүү жана чет өлкөлүк мамлекеттик жана жеке менчик мекемелер менен биргелешип жүргүзүлө турган иш-чаралардын негизги принциптерин жана жол-жобосун аныктоо;
  7. g) Борбордун жетекчиси тарабынан күн тартибине коюлган башка маселелерди карап, тийиштүү чечимдерди кабыл алуу.

 

Борбордун кызматкерлерге болгон муктаждыгы

12-берене.

Борбордун академиялык, административдик жана техникалык кызматкерлерге болгон муктаждыгы ректорат тарабынан дайындалган кызматкерлер менен камсыздалат.

 

Күчүнө кириши

13-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет.

 

Ишке ашырылышы

14-берене. Бул нускаманын жоболору Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан ишке ашырылат.